Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштады

20.03.2026 | 10:29

Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз офтальмологиялык операцияларды жүргүзүүнү камтыган «Экспресс саламаттык — жаркын саякат» долбоорун ишке ашырууну сунуштады. Мындай сунуш Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен Кытайдын элчиси Лю Цзянпин менен жолугушуусунда айтылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кытай тарап практикалык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар демилгелерди, анын ичинде тубаса жүрөк кемтиги бар балдарга медициналык жардам көрсөтүү программаларын улантууну көтөрдү. Ошондой эле Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Элдик ооруканасы менен кызматташтыкты түзүү, өз ара сапарларды уюштуруу жана биргелешкен оорукана ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Мындан тышкары, тараптар төмөнкү багыттагы иштерге көңүл бурушту:

  • кыргыз-кытай салттуу медицина илимий-изилдөө борборун түзүү;
  • фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү;
  • дары чөптөрдү медицинада колдонуу.

Министр Дамир Осмонов кытай тараптын Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын белгиледи. Анын ичинде гуманитардык жардам көрсөтүү, медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди жеткирүү, ошондой эле кыргыз адистерин Кытайдын медициналык мекемелеринде окутуу жана стажировкадан өткөрүү бар.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар медициналык инфраструктураны өнүктүрүү жана жардамдын сапатын жогорулатуу багытында өз ара кызматташууну чыңдоону макулдашышты.

Scroll to Top