Чуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтотот
Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка артка кайтарылды
20.10.2025 | 14:39

Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тоннадан ашык картошка өлкөгө киргизилбестен, кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү пунктунда жүргүзүлгөн текшерүү учурунда аталган жүктүн фитосанитардык сертификаты талаптарга жооп бербей тургандыгы аныкталган.
“Кыргызстандын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» мыйзамынын жана Евразия экономикалык бирлигинин комиссиясынын № 318 чечиминин талаптарына ылайык, продукция Кыргызстандын аймагына киргизилген жок жана кайра артка кайтарылды”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика