Кытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирди

09.03.2026 | 16:02

Бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин жолугуп, эки өлкөнүн кызматташуусунун учурдагы абалын жана парламенттер аралык байланыштарды талкуулашты.

Марлен Маматалиев Кытай менен кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Ал парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүү аркылуу стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтүүгө даярдыгын билдирди.

Ошондой эле ал учурда эки мамлекет энергетика, инфраструктура жана өндүрүш багыттарында кызматташып жатканын маалымдады. Төрага соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү башкы максат экенин кошумчалады.

Элчи Лю Цзянпин Кытай жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууга маани берерин жана эки мамлекеттин алакасынын «алтын доору» башталганын белгиледи. Ал Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзинин саламын жеткирип, Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады.

Элчи Жогорку Кеңештеги санариптештирүү реформаларын белгилеп, мурда жетишилген келишимдерди биргелешип ишке ашыруу үчүн парламент менен тыгыз иштешүүгө даяр экенин билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана маданий байланыштарды чыңдоо боюнча пикир алмашышты.

Scroll to Top