«Кыргызсериал» тик форматтагы сериалдар сынагын жарыяладыКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырды
Кытайдын тышкы иштер министри Бишкекке келди
19.11.2025 | 15:36

Кытай тышкы иштер министри, ошондой эле Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ван И бул сапардын алкагында өлкө жетекчилиги жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле учурдагы кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн өтө турган Стратегиялык диалогдун биринчи жыйынына катышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат