Кыялга жетүү үчүн бош убакытта кошумча акча табуу: такси айдоочусу буйрутма алууда канча киреше табаарын айтып берди
Эрнис Соорбеков Яндекс Go менен сервис Кыргызстанда ишке кирген алгачкы күндөн баштап кызматташат. Ал жумасына бир нече смен алып, таксинин буйрутмаларын өзүнүн негизги жумушу менен айкалыштырып иштеп, келечекте там салып алууну кыялданат. Маектешүүдө ал акыркы жылдары такси рыногу кандай өзгөргөнүн, чындап эле канча акча тапса болоорун жана күн сайын кандай кыялдар тууралуу ойлоноорун айтып берди.

– Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз.
Мен Бишкекте жашайм, өзүм Таластан болом. 45 жаштамын, үй-бүлөлүүмүн, үч балабыз бар – уулум 21де, экинчи уулум 16 жашта, кызым 10до. Кесибим боюнча инженер-куруучумун. Такси менин – экинчи жумушум жана кошумча киреше булагым. Менин жеке унаам бар, жакында жаңыртып, “электро” унаалуу болдум. Ал таксиге аябай ылайыктуу экен – азыр иштөө пайдалуу болуп калды.
– Таксиге кантип келип калдыңыз?
Мен көптөн бери таксидемин. Яндекс Кыргызстанда пайда болгонго чейин эки жыл башка компанияда иштедим. Ал кезде айдоочулар ар бир буйрутма үчүн салгылашуусу керек болчу – тиркемелер болгон эмес, болсо да ыңгайсыз эле. “Эртең менен сөзсүз чык, болбосо айып пул салынат”- дегендей графиктер түзүлчү. Түнкү нөөмөт учурунда буйрутма жетишсиз болуп, каттамдарды көбүнчө кагаз карта аркылуу текшерүүгө туура келчү. Ушунун баары абдан ыңгайсыз болчу. Ал эми Яндекс рынокту жакшы жакка өзгөрттү.
– Чындап эле эмне өзгөрдү?
Яндекс 2017-жылы рынокко киргенде, мен дароо эле ошого которулдум жана иштөө бир топ жеңилдей түштү. Тиркеме буйрутманы сунуштайт, ал эми айдоочу кабыл алса же баш тартса өз эрки. Бул бардыгы үчүн ыңгайлуу – кардар диспетчерге чалып убара болбойт –Яндекс Go тиркемесин ачып, бара турган жерин көрсөтсө, 5-10 мүнөттө унаа келет.
Айдоочуга график менен иштөө да ыңгайлуу – эртең менен, түнкүсүн, дем алыш күндөрү – өзүңө ылайыктуусун тандап аласың. Ошондуктан көп такси айдоочулар ишин негизги жумуш менен айкалыштырат. Коопсуздук үчүн линиядагы сааттын жогорку чеги коюлган – күнүнө 15 саатка чейин иштесе болот, андан кийин айдоочу ашыкча иштебеши үчүн тиркеме “жабылат”.
– Такси менен башка жумуштун ортосунда убакытты кантип бөлүштүрөсүз?
Мен үчүн азыр такси кошумча киреше болуп саналат, 3-4 түн катары менен иштеп, анан экинчи жумушума кетем же эс алам. Орточо эсеп менен линияда 3-6 саат, же кээде андан да көп чыгып калам.

– Таксиде иштеп, үй-бүлө бакканга болобу?
Орто эсеп менен күнүнө 2-3 миң сом табам – көп нерсе жол тыгыны жана шаардагы элдин жыштыгынан көз каранды. Менин билишимче кээ бир айдоочулар күнүнө 4-5 миң сом табышат. Албетте, айдоочу сервистин картасын жана буйрутмалардын логикасын “тушунбөсө” андан да азыраак болушу мүмкүн. Биз адатта “саатына” эмес, сменге карап эсептейбиз, анткени тыгындан улам бир заказ бир жарым – эки саатка чейин кечигип калышы мүмкүн. Ошондой эле киреше коэффициент менен бонусга да көз каранды болот.
– Ушу тууралуу айтып берсеңиз.
Яндекс бонустары ар бир айдоочу үчүн жекече болот. Азыр тапшырмалар көбүнчө 14 күнгө коюлат – 120-150 буйрутма аткаруу керек. Аларды аткарган үчүн Яндекс 2 миң сомдон 6 миң сомго чейин (менин эсимде бул максимум) түзөт. Бул жакшы мотивация, өзүң үчүн күнүмдүк планды түзүп, эсебиңде бонустар кандайча пайда болгонун көрүп турасың.
Коэффициенттер болсо минтип иштейт – тиркемеде суроо-талаптын жогорулашынын жана жеткиликтүү коэффициенттин “кызгылт көк зоналары” көрсөтүлөт. Аймактарда бул төмөн болсо, борборго жакындаган сайын – жогорулайт. Суроо талаптын эң жогорку чокусу эртең менен баары жумушка, окууга кеткенде, кечинде кайра келгенде болот. Коэффициенттердин эки жагы бар – албетте, бул айдоочулар үчүн пайдалуураак, бирок кардарларга дайыма эле баалар жага бербейт, мисалы суроо талап жок учурда 200-250 сом турган жол, талап көбөйгөн учурунда 400-500 сомго чыгат. Система автоматташтырылган жана бул кызыкчылыктардын тең салмактуулугунун бир бөлүгү. Коэффициентке смендеги айдоочулардын саны да таасир этээрин, жол тыгынында көптөр иштөөнү каалабагандыгын жана акыркы баа мына ушулардын бардыгына көз каранды болуп аныктала тургандыгын түшүнүү керек.
– Жүргүнчүлөр кандай тарифтерди жактырышат?
Бишкекте эң популярдуу тариф мурдагыдай эле “Эконом”. Мен көбүнчө жүргүнчүлөргө “Комфортту” да карап көрүүнү сунуштайм, анткени айырма 10-20 сом болушу мүмкүн, кээде “Комфорт” арзаныраак болуп кетет – бул убакытка жараша болот. Бирок көптөр тизмедеги биринчи турганды көрүп, дароо “Эконом” тарифин баса беришет. “Бизнес” бизде азырынча өнүгүп жатат – мындай унаалардын паркы азыраак, баасы жогору, бул баарына эле ылайыктуу эмес. Бирок ошентсе да өзгөрүүлөр бар, менин байкоолорум боюнча, 2025-жылы “Комфортту” 2024-жылга салыштырмалуу көбүрөөк буйрутма кылышты.
– Яндекс жакында салык агенти болуп калды. Бул сиздин ишке кандай таасир этти?
1-сентябрдан баштап Яндекс салык агенти болуп – эми ар бир сапардан 2% автоматтык түрдө кармалып баштады. Анткени менен анын артыкчылыктары көрүнүп турат, эми салык кызматында кезекке туруунун кереги жок, баары автоматтык түрдө эсептелет. Бул көп убакытты үнөмдөйт, анткени кээде бир күн бою бардык документтерди толтурууга убакыт кетет. Кемчиликтерден – албетте, өкмөт пайызды карап чыкса, аны бир аз төмөндөтүшүн каалайт элек.