Бишкектин Свердлов райондук милициясынын мурдагы тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, райондук милициянын тергөөчүсү, лейтенант Ч.Н.ге буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 379, 337 жана 209-беренеси (документ жасалмалоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык) менен кылмыш иштери козголуп, ал кызматтан убактылуу четтетилген.
Ага карабай лейтенант бир аялды (Ш.А.) алдап, кылмыш ишин тергеп жатканын, ал иш боюнча аялды жоопко тартарын айткан. Маселени оң жагына чечүү үчүн 2,5 миң доллар талап кылган.
Аял 20-мартта лейтенантка электрондук капчыкка акчанын бир бөлүгүн — 165 миң сом которуп берген. Андан кийин УКМК лейтенантты кармаган. Ага 343-берене (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.