Күзөтчү менен мушташкан депутат кечирим сурады

Күзөтчү менен мушташкан депутат кечирим сурады

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев «Азия Молл» соода борборунун күзөтчүсү менен мушташканы боюнча  түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, күзөтчү аны сөккөн.

«Унаада кичинекей наристем менен келинчегим бар болчу. Алардын көзүнчө уят сөздөрдү угуп, чыдап отура алган жокмун. Унаадан түшүп, «машинеден ары тур”, — деп түрттүм. Ал дароо белимден кармап, жерге жыгып, бир азга алыша кеттик», — дейт эл өкүлү.

Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен элдешкенин айтып, элден кечирим сурады.

«Мындай жагымсыз окуяга туш болгонум өзүмө дагы ыңгайсыздык жаратып турат. Алардын уятсыз сөздөрүн укканыма карабай, сабыр кылып, кетип калсам деле болмок экен. Бирок, болор иш болду, биз пендебиз, уруша кетет экенбиз. Сиздерге туура эмес үлгү көрсөткөн болсом кечирим сураймын. Ал эми чагымчылдык кылып, мага карата күч колдонгон күзөтчүлөр кийин кечирим сурап келишти», — дейт ал.

Бишкекте ЖК депутаты менен соода борбордун күзөт кызматкери мушташты (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>