Кыргызстандан мал ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды10-март: Жаан, кар жаайтАйдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирди
Кызыктуу ууру Караколдо кармалды. Ал бир эле техника дүкөнүнөн 30 жолу уурдап жүргөн
12.11.2025 | 20:00
Каракол шаарында бир эле мобилдик техника дүкөнүнөн уурулук жасап келген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл областынын ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылдын 6-августунда мобилдик телефон саткан дүкөндүн ээси милицияга кайрылган. Ал 18-июлда дүкөндөн 2 «Redmi Note 14» жана 1 «Note 14 Pro» моделиндеги телефон, ошондой эле алардын коробкалары уурдалганын билдирген. УК КРнын «Уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иликтөөчүлөр шектүүнүн жеке маалыматын аныктап, кармашкан. Ал жергиликтүү тургун, 34 жаштагы М.Э. болуп чыкты. Ал дагы ошол эле дүкөндө жасалган 29 кражаны моюнуна алган. Кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар