Кызыл-Кыя мэриясынын кызмат адамдары коррупцияга шектелип камалышты

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына караган Муниципалдык кызмат башкармалыгынын директору менен кызматкери коррупция фактысы боюнча камалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кызмат адамдары 2023-2024-жылдар аралыгында ар кандай ишканалардын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана курулуш иштерин аткаруу боюнча тендерлерди формалдуу түрдө өткөрүшкөнү, жыйынтыгында аларга тиешелүү болгон компаниялар жеңип чыккандыгы аныкталган.
Натыйжада түзүлгөн келишимдерде каралган милдеттенмелерди ушул күнгө чейин аткарбай келе жаткан ишканалардын банктык эсептерине бюджеттен болжол менен 4 млн сом которулган.
Буга байланышьуу Кызыл-Кыя мэриясынын Муниципалдык кызмат башкармалыгынын директору «С.И.М.» жана кызматкери «Т.И.» УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.