Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Кызыл-Суу дарыясына үч жашар бала чөгүп кетти
04.05.2024 | 12:51
Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылындагы Кызыл-Суу дарыясынан изделип жаткан үч жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМге Кызыл-Суу дарыясына жаш бала түшүп кеткен тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Кара-Кужа райондук №66 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:18 чамасында куткаруучулар тарабынан 2021-жылы туулган Т.Э., аттуу жаш баланын сөөгү дарыядан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар