Лейлекте тажик жараны жана үч өспүрүм мал уурдоого шектелүүдө

19.12.2022 | 10:14

Лейлек районунда коңшу мамлекеттин жараны мал уурулукка шектелип кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2 айылынын 58 жаштагы Д.А. аттуу тургуну үлүш жайындагы 9 баш бодо малы белгисиз жарандар тарабынан уурдалганын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган.

Бул факт Лейлек РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чараларын уюштуруп, Жаңы-Жер айыл аймагынын 17 жаштагы 3 тургуну аныкталып кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар Согди облусунун Б.Гафуров районунун Хиставарс айылынын 29 жаштагы У.Н. аттуу тургуну менен биргеликте 2022-жылдын октябрь айынан бери жалпы 7 жолу мал уурдаганы аныкталган.  Учурда кармалган 29 жаштагы У.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top