Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, “Манас” эл аралык аэропортунан президентти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Сапардын алкагында Александр Лукашенко 13-октябрда Бишкекте өтө турган КМШ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз