Куткаруучулар Путин чокусун багындырышты

Куткаруучулар Путин чокусун багындырышты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборундагы “Эдельвейс” тоодон куткаруу кошуунунун куткаруучулары Путин чокусун багындырышты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Алдын ала түзүлгөн планга ылайык, тоо куткаруучулары Чүйдүн Москва районундагы Ак-Суу капчыгайында жайгашкан Путин чокусуна 9-10-октябрда жүрүш жасашты. Анын алкагында өздүк курам бийик тоодо куткаруу, машыгуу сабактарын тажрыйба жүзүндө өткөрүштү.

Тоо башында куткаруучулар альпинисттик шаймандарды колдонуу, адам өмүрүн сактоо, бийиктикте өзүн алып жүрүү, алгачкы жардам көрсөтүү сыяктуу бир катар эрежелерди сактоо менен машыгышты.

Бул иш-чара бийик тоолордо калып калган эс алуучуларды, чет элдик туристтерди куткарууга даярданып, ыкчам жардам көрсөтүүгө багытталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>