Lexus-RX300 унаасынын айдоочусу Бишкек-Кордай жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматы билдирди.
Кырсык 29-майда саат 21:50 чамасында Аламүдүн районунун аймагында болгон. 1974-жылы туулган Б.С.В. аттуу жаран окуя болгон жерден көз жумган.
Автомобилдин 30 жаштагы айдоочусу М.Ш.Э дароо кармалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз