Ленин райондук Салык кызматынын башчысы кармалды

03.09.2025 | 09:54

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ленин району боюнча Мамлекеттик Салык кызматынын башкармалыгынын башчысы А.Т.Т.нын кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, салык кызматынын жооптуу кызматкерлери жеке ишкерлер менен жашыруун келишим түзүп, мамлекеттик салык төлөмдөрүнөн качууга шарт түзгөн коррупциялык схемаларды колдонгону аныкталды.

Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Т.Т.дан акча каражаттарын өткөрүп берүү фактылары тастыкталган. Ошондой эле салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүнүн башкы инспекторунун көрсөтмөлөрүнө ылайык, «Т» ЖЧКсынын өкүлдөрүнөн 5 миң доллар өлчөмүндө пара алынганы белгилүү болду.

Учурда А.Т.Т. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Атайын кызмат салык кызматынын тутумундагы коррупциялык схемаларды жоюу жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштерин улантууда.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top