Маданият министри “БУУ-Айымдар” уюмунун өкүлдөрү менен жолукту

Маданият министри “БУУ-Айымдар” уюмунун өкүлдөрү менен жолукту

Кечээ, 1-июлда КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстандагы “БУУ-Айымдар” (UN Women) түзүмүнүн делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга “БУУ-Айымдар” уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик, маалыматтар боюнча адис Азима Абакирова жана программалык кызматкер Дильнара Жумабекова катышты.

Тараптар гендердик теңчилик, аялдардын лидерлиги жана коомдогу ролун жогорулатуу багытында кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл жаштар менен аялдардын укуктарын кеңейтүү жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу темаларына бурулду.

Жолугушууда Министрлик менен “БУУ-Айымдар” уюмунун ортосунда кызматташтык тууралуу өз ара түшүнүшүү боюнча Меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгү да каралды.

Жыйынтыгында тараптар мындан аркы өнөктөштүктү чыңдоого жана коомдун жыргалчылыгы үчүн биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>