Маданият жана искусство университетинде жаңы спорт зал ачылды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы спорт залынын ачылыш аземине катышты.
УКМКнын маалыматына ылайык, ш2025-жылдын январында университеттин ректору Түмөнбай Колдошов жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен болгон жолугушууда спорт зал курууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. К.Ташиевдин тапшырмасынан кийин курулуш иштери апрелде башталып, болгону 3,5 айдын ичинде заманбап талаптарга жооп берген зал салынып бүттү.
Ачылыш аземине университеттин студенттери, окутуучулары, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттери жана билим-мәдениет тармагында эмгек сиңирген ишмерлер катышып, өлкө жетекчилигине маданият жана билим берүү тармагына көңүл буруп жатканы үчүн ыраазычылыгын билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган университет 1967-жылы түзүлгөндөн бери өзүнүн спорт залы болбой, дене тарбия сабактары талаптагыдай шартта өтпөй келген.