УКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам барСадыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миңден ашык үй-бүлө батир алат26-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте милиция мечиттердин жанындагы кайырчылыкка каршы күрөшүүдөОш шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке кирет
Бишкектин мэри мектептерди текшерип, жооптуу кызматкерлер кызматтан алынды
17.09.2025 | 21:01

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу бир катар билим берүү мекемелерин, анын ичинде №56 орто мектепти, №39 гимназияны, №117 жана №87 бала бакчаларды текшерди.
Мэриядан билдиришкендей, соцтармактарда айтылып келгендей, №56 мектептин абалы кейиштүү экени жеринде да тастыкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында:
- Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Асел Садыкова жана райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Байгулов кызматынан бошотулду;
- Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиевге эскертүү берилди;
- Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева тартиптик жазага тартылды.
Мэр №56 мектептеги бардык кемчиликтерди 22-сентябрга чейин жоюуну тапшырды. Анын ичинде:
- тротуарларды оңдоо;
- жашыл аянтчаларды калыбына келтирүү;
- спорт залдагы жарыктандырууну алмаштыруу;
- жертөлөлөрдү жабуу;
- окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тосмолорду орнотуу.
Мындан тышкары, мектепти келерки жылдын капиталдык оңдоо тизмесине киргизүү жана резервдик фонддон кошумча каражат бөлүү чечими кабыл алынды.
Калаа мэри ошондой эле №39 мектеп-гимназиясын, №117 жана №87 бала бакчаларды да текшерип, оңдоо иштерин тездетүүнү жана коопсуздук эрежелерин так сактоону талап кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом