Бишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү
Президент кол койду. Жалал-Абад расмий түрдө Манас шаары болуп өзгөрдү
17.09.2025 | 20:30

Президент Садыр Жапаров «Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 10-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын негизги максаты – улуттук идеологияны чыңдоо жана кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон баатыр Айкөл Манастын атын шаарга ыйгаруу.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаары расмий түрдө Манас шаары деп атала баштайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.