ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Май куюучу жайда унаасын чимирилте айдаган жаран айыпкы жыгылды (видео)
26.09.2024 | 11:46
Май куюучу жайда унаасы менен автоээнбаштык жасаган айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга BMW’нын айдоочусу май куюучу жайлардын биринде унаасын чимирилте айдап, Mercedes-Benz’ти айланып жатканы тартылган видео тараган.
Жол милициясынын кызматкерлери аталган айдоочуну таап, 15 миң сом айып пул салган. Ал эми унаа айып короосуна коюлган.
Жол эрежесин бузган айдоочуларды көрсөңүз, 0777 102 102 номерине сүрөт-видеолорду жөнөтсөңүз болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом