Май майрамдарында ооруканаларда дарыгерлер нөөмөттө турат

Май майрамдарында ооруканаларда дарыгерлер нөөмөттө турат

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 1-майдан 9-майга чейинки майрам күндөрү калкка өз убагында жана сапаттуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүү максатында дарыгерлер нөөмөттө турушат.

Жетекчилерге төмөнкүлөр тапшырылды:

1. Кезектеги нөөмөт графиктерин түзүп, жооптуу башкы нөөмөтчүлөрдү дайындоо жана шашылыш жардам көрсөтүүчү бөлүмдөрдүн үзгүлтүксүз, түнкү-күндүзгү иштөөсүн квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу.

2. Медициналык мекемелердин үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.

3. Шашылыш жаткыруу үчүн кошумча керебеттерди даярдоо.

4. Медикаменттердин, медициналык каражаттардын, кандын жана анын компоненттеринин жетиштүү корун камсыз кылуу, ошондой эле тез жардам көрсөтүү үчүн медициналык жабдуулардын ишке жарамдуулугун көзөмөлдөө.

5. Биринчи баскычтагы медициналык-санитардык жардам уюмдарында каттоо жана процедура бөлмөлөрүнүн 08:00дөн 16:00гө чейин иштешин камсыз кылуу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>