Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында Кургактагы аскерлердин жоокери асынып алды. Маалыматты Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Джарашева тастыктады.
Маалыматка караганда, 22 жаштагы жоокердин асынып турган денеси 27-ноябрда 08:20 чамасында табылган.
Каза болгон жоокер аскерде мыкты кызмат өтөгөндүгү үчүн 10 күндүк өргүүгө чыгып, 26-ноябрда кызматка кайтып келген.