Мал-жандыкты жазгы эмдөө иштери башталды

Мал-жандыкты жазгы эмдөө иштери башталды

Өлкөдө эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу максатында мал-жандыкты жазгы эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Учурда кутурма оорусуна каршы малга вакцина сайылып, ит-мышыктарга эхинококкозго каршы дары берилип жатат.

«Ветеринардык кызмат бардык жарандарды мал-жандыкты профилактикалык эмдөөдөн, дегельминтизациялоодон милдеттүү түрдө өткөрүүгө чакырат. Себеби бул баарыбыздын саламаттыгыбыз үчүн маанилүү», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик белгилегендей, мал-жандыкты эмдөө үчүн жылына республикалык бюджеттен тогуз ооруга каршы вакциналар сатып алынат. Алар: кутурма, шарп, бруцеллёз, күйдүргү, эхинококкоз, кой-эчкилердин кыргыны, күл, жылкынын маңка (сап) оорусу, туберкулин (бодо мал жана канаттуулар арасында).

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>