2015-жылдагы Жерүй кени боюнча конкурс ачык жана мыйзамдуу өткөн. Бул тууралуу «Некс ТВ» каналына мамлекеттик ишмер, ошол комиссиянын мүчөсү Турдубек Мамбетов билдирди.
Мамбетов мындай пикирин 9-мартта бул багытта өз алдынча иликтөө жүргүзүүнү максат кылып айрым активистер тарабынан уюштурулган «элдик комиссиянын» отурумунда айткан.
“Коомдук комиссиянын отуруму өзү күмөн туудурат. 5 жыл мурунку Жерүй кенинде өткөн конкурстан кийин алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу жана 25 коштоочу объектин курулуш аяктап, 90 пайызы жергиликтүү элден турган 800 адам жумуш менен камсыз болду”, — деген ал.
Турдубек Мамбетов ошондой эле компания кен казуу ишин кызуу жүргүзүп жатканда буга окшогон темаларды көтөрө берүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейт.