Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Мамкурулуш 6 айдын ичинде 318 лицензиясын тариздеген
06.07.2022 | 10:21
Мамкурулуштун регулятивдик бѳлүмү 2022-жылдын 6 айдын ичинде мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 318 лицензиясын тариздеген. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, лицензиялардын жалпы санынан, региондук маани боюнча Бишкек шаарында – 173, Чүй облусу – 19, Талас – 6, Ысык-Көл -17, Ош – 73, Баткен- 2, Жалал-Абад – 18 жана Нарын –10 лицензиялары берилген.
Жалпысы, Кыргызстандын юридикалык жактарына – 314 жана 4 жеке ишкерлерге лицензиясы берилген. Биринчи жолу 223 уюм лицензиясын алышкан, калган 95 уюмдардын аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом