BITEVOLUTION: Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалдыКыргыз жаштарынын шайлоо сабаттуулугу боюнча долбоору Германияда кызыгуу жараттыРустам Сакиев «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» башкы директору болуп дайындалдыКыргызстандык эксперттер синтетикалык баңгизаттарды аныктоонун жаңы ыкмаларын үйрөнүштүКыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын алдыЕАЭБден товар ташыгандар 1-январга чейин аларды каталогго киргизиши керек
Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөм 3 айга жылдырылды
06.07.2022 | 10:12
Муниципалдык коомдук транспортто накталай эмес төлөм үч айга жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жыл аягында борборго 500гө жакын жаңы газ менен жүрүүчү автобустарды алып келүү пландалууда.
«Биз 2022-жылдын 1-июлунан тартып электрондук билеттерди киргизүүнү кааладык, бирок автобустарды алууну пландап жаткандыктан, мөөнөттөрдү артка жылдырдык. Жаңы транспорт келгенден кийин гана системаны ишке киргизебиз деп ойлойбуз», – деди Эмилбек Абдыкадыров.
Буга чейин накталай эмес жол кире пландалганга чейин көптөгөн жарандар Тулпар карталарын сатып алууга үлгүрбөй калганы маалымдалган. Бул накталай эмес төлөмдөрдүн кечиктирилишинин биринчи себеби болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом