Мамлекетке өткөн “Баткен-Комфорт” базары сатылды

08.07.2024 | 11:26

2024-жылдын январь айында акцияларынын контролдук пакети (64,38 пайызы) мамлекетке өткөн “Баткен-Комфорт” базары аукциондо сатылды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге  Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги ырастап, бирок кенен маалымат берүүдөн баш тартты.

Белгилей кетсек, соода жайы май айында аукционго коюлуп, 29-майга белгиленген сатык өтпөй калган. Ага катышууга бир гана жаран арыз берген. Агенттик июнда кайра сатууга чыгарган. Базар (баштапкы баа) 422 миллион 775 миң сомго бааланган.

Айрым маалыматтарга караганда, “Баткен-Комфортту” мурдагы ээлери кайра сатып алышкан.

Белгилей кетсек, базар жыл башына чейин толугу менен мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге жана анын бир туугандарына таандык болуп келген. Мамлекетке өтпөй калган 35,62 пайызы Аскарбек Шадиевдин аялы Асел Шадиевага катталгандыгы кабарланган.

https://reporter.kg/bishkektegi-batken-komfort-bazary-kajra-satykka-koyulat/

 

Scroll to Top