Бишкекте мамлекеттик архивдин жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы билдирди.
Аны салууга 117 млн 385,7 миң сом кетет деп пландалууда.
«Жаңы имарат 2025-жылдын апрель айында пайдаланууга берилери күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.