Чүй облусунда райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Ж.О. мамлекетке тиешелүү жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылы Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары социалдык-маданий объектилерди курууга арналган 16 сотых жерди турак жай куруу үчүн жеке менчикке берип жиберишкен. Мындан улам мамлекетке 4 млн 300 миң сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары мурда Сокулук районундагы шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы болуп иштеген Ж.О. кармалган. 60 жаштагы Ж.О. учурда Чүй облусундагы райондорунун биринин шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы болуп иштеп жаткан.
Тергөө уланууда.