2019-жылдын ноябрь айына чейин ипотека алган бюджеттик кызматкерлердин үстөк пайызы -1% чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» басма сөз кызматы билдирди.
Азыр жылдык пайыз 2019-жылдын 1-ноябрына чейин ипотека алгандардын үстөк пайызы 6-8% түзөт. Белгиленгендей, үстөк пайыз карыз алуучунун баштапкы төлөмүнө жараша болот.
Акционерлердин чечимине ылайык, «Мамлекеттик ипотекалык компания» 15-февралдан тарта ишке киргизет.
Кошумчалай кетсек, «Арзан турак жай 2015-2020» программасы ишке киргенден тарта үстөк пайыз 12-14% төмөндөгөн.