11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалдыКубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар
Мамлекеттик тууга таштандыны ороп ыргыткан жаран аныкталды
24.03.2025 | 09:42
Бишкек шаарында мамлекеттик тууга таштандыны ороп таштап кеткен 43 жаштагы жаран аныкталды. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук милициясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, милиция бөлүмүнө Ак-Ордо конушунда белгисиз жаран тууну таштандыга ороп таштап кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Териштирүү учурунда таштандыны тууга ороп ыргыткан адам аныкталып, ал 43 жаштагы жаран экени, психикалык саламаттыгына байланыштуу ооруканада каттоодо турары белгилүү болгон. Тиешелүү медициналык документтерди анын атасы көрсөткөн.
Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 450-беренесинин (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун мазактоо) негизинде кармалган жарандын атасына (мыйзамдуу өкүлүнө) 10 миң айып пул салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар