«Манас» аэропортунда эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды

«Манас» аэропортунда эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды

«Манас» эл аралык аэропортунда Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 46 жаштагы чет өлкөлүк жаран кармалды. Ал Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, шектүү Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан Кытайдын Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренеси (уруксат берилбеген товарлардын аткезчилиги) боюнча издөөдө жүргөн.

«Шандунь провинциясынын полициясы жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында, санитардык-карантиндик тастыктамадан өтпөгөн эпидемиялык жактан начар региондордон тоңдурулган уй эттерин аткезчилик менен ташыган уюшкан кылмыштуу топтун катышуучусун аныктаган. Кытайдын бажы көзөмөлүнөн өтпөө үчүн жогорудагы кылмыштуу топ товарларды деңиз аркылуу мыйзамсыз жол менен чыгарып кетип жүрүшкөн. Кытайдын аймагында бул эттер Цзаочжуан шаарындагы фабрикага жеткирилип, ал жактан андан ары сатуу үчүн жасалма тастыктама менен таңгакталып турган»,- деп айтылат маалыматта.

Кармалган чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын мыйзамына ылайык чара көрүү үчүн Сокулук РИИБге жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>