«Манас» аэропортунда Нипах вирусунун жайылуу коркунучунан улам жүргүнчүлөргө санитардык көзөмөл күчөтүлдү

29.01.2026 | 17:03

«Манас» эл аралык аэропортунда инфекциялык көзөмөлдүн күчөтүлгөн режими киргизилди. Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, бул чаралар өлкөгө кооптуу оорулардын, анын ичинде буга чейин Индияда катталган Нипах (Nipah) вирусунун, ошондой эле COVID-19дун кирип кетишине жол бербөөгө жана алдын алууга багытталган.

Учуп келүү зонасында температуралык мониторинг уюштурулду. Жүргүнчүнүн дене табы 37 градустан жогору экени аныкталса, санитардык көзөмөл кызматкерлери Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун өкүлдөрү менен байланышат. Адистер жеринде андан ары ооруканага жаткыруу же текшерүү зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алышат.

Бекитилген регламентке ылайык, инфекцияга шектелген жүргүнчүлөр анализ алуу жана так диагноз коюу үчүн тармактык медициналык борборго жеткирилет. Эгер сасык тумоо же курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) сыяктуу сезондук оорулар аныкталса, бейтап жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлөт. Өзгөчө кооптуу вирустардын белгилери тастыкталган учурда, эл аралык талаптарга ылайык чукул чара көрүү жана атайын обочолонтуу протоколдору ишке киргизилет.

Аэропорттун кызматтары КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташууда. Администрация жарандарды өлкөнүн биологиялык коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүп жаткан кошумча текшерүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Эске салсак, 2026-жылдын 26-январынан тартып Кыргызстанда мамлекеттик чек ара аркылуу бардык өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөлдүн күчөтүлгөн режими иштеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө Нипах вирусун жуктурган учурлар катталган жок. Республиканын бардык медициналык уюмдарына бейтаптарды эрте аныктоо жана обочолонтуу алгоритмдери боюнча нускамалар берилген. Бийлик маалыматты ыкчам алмашуу үчүн ДССУ (Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму) менен туруктуу байланышта болууда.

Нипах вирусу оор зооноздук инфекция болуп саналат, анын табигый очогу — жарганаттар (крыландар). Адамга инфекция жуккан жаныбарлар менен байланышта болгондо, булганган тамак-ашты колдонууда же оорулуу адам менен тыгыз байланышта болгондо жугат. Оору дем алуу жолдорунун жабыркашы жана мээнин сезгенишинин (энцефалиттин) өөрчүү коркунучу менен мүнөздөлөт. Негизги белгилерине ысытма, курч баш оору жана дем алуунун кыйындашы кирет.

Scroll to Top