Кыргызстанда Жол кыймылына киргизүү институту иштей баштадыЭттин экспортунан түшкөн пайда фермерлерге эмес, ортомчуларга кетип жатат — Айыл чарба министрлигиБаткенде кытайлык ишкана күн электр станциясын куратӨКМ эскертет: Өлкө аймагында табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлүүдөБишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайтты
«Манас» аэропортунун IATA-коду өзгөрөт: FRU ордуна BSZ болот
25.07.2025 | 08:55
2025-жылдын 9-августунан тартып «Манас» эл аралык аэропортунун IATA-коду расмий түрдө өзгөртүлөт. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК билдирди.
Азыркы колдонулуп жаткан FRU коду жаңы BSZ кодуна алмашат. Өзгөртүү IATA уюмунун №763 резолюциясына ылайык жүзөгө ашырылып жатат жана 2025-жылдын 9-майында жөнөтүлгөн расмий кабарлоодон тарта 90 күн өткөн соң күчүнө кирет.
Компания жаңы кодго өтүү процесси учурунда бардык системалардын үзгүлтүксүз иштешин жана каттамдардын туура тейленишин камсыз кылуу үчүн тиешелүү техникалык жана уюштуруучулук иш-чараларды жүргүзүп жатканын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар