Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
ТИМ: Кыргыз жарандарына Камбоджа жана Таиландга убактылуу барбоо сунушталат
25.07.2025 | 07:30
Камбоджа менен Таиланддын чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды аталган өлкөлөргө баруудан карманып турууга чакырууда.
Министрлик ошондой эле бул өлкөлөрдө убактылуу же туруктуу жашап жаткан кыргызстандыктарга этият болууну, коопсуздук чараларын так сактоону жана жергиликтүү бийликтердин, ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин эскертүүлөрүнө көңүл бурууну сунуштады.
Өзгөчө кырдаалдар жаралса, жарандар төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот:
- Кыргызстандын Куала-Лумпур шаарындагы элчилиги: +996 500 244610 (WhatsApp)
- ТИМдин ыкчам байланыш номери: +996 999 312002 (WhatsApp)
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар