Ошто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды«Old Bishkek» долбоорунун жаңы өтмөгүндө шыптан суу түшүүдө: сууну чакаларга чогултуп жатышатБишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылдыИИМ жол эрежесин бузгандардын билимин текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алдыБишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынат
Манас-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиш түнкүсүн убактылуу жабылат
14.08.2025 | 13:51

Бишкек шаарында Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде чакмак жол чийиндерин жаңылоо иштерине байланыштуу жол кыймылы 14-15-августта саат 00:00дөн 06:00гө чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэрия маалымат таратты.
Аталган иштер түнкү убакта жүргүзүлүп, МАИ кызматкерлери коштоп жүрөт. Шаардыктардан каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду колдонуу сунушталат.
Белгилей кетсек, жакынкы убакта борбордогу дагы 11 кесилишке чакмак чийиндери түшүрүлөт.
Маалымат үчүн, чакмак чийиндер (1.26) — ромб сымал клеткалардан турган сары торчо, тыгындарды алдын алуу үчүн светофорлор менен жөнгө салынуучу кесилиштерге колдонулат. Тыгында мындай белгилерге кирүү жол эрежесин бузуу болуп эсептелет.
Рубрики: Жаңылыктар