«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы бүгүн, 27-январдан баштап «Кыргызстан аэропорттору» ААКсы деп расмий түрдө өзгөрдү. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Аталыштын өзгөрүшү компаниянын атына гана тиешелүү. Ал эми шаар четиндеги башкы аба майдан «Манас» эл аралык аэропорту деп аталып кала берет.
«Мындай өзгөртүү өлкөнүн бардык аэропортторун бир бренддин алдына бириктирүү, өнүктүрүү боюнча мекемебиздин стратегиялык багытын чагылдырат», — деп айтылат маалыматта.
«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын аты өзгөртүлдү. Жаңы аты кандай?