Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды

Быйыл республикалык бюджеттин эсебинен Манас шаарына 6 жаңы мектеп курулат. Бүгүн, 25-февралда, курулуш министри Нурдан Орунтаев, президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов курулуш жүрө турган аянттарды жеринен көрүп чыгышты.
Курулуш министрлигинин маалыматында, мектептер төмөнкү жерлерге курулат:
- Ак-Тилек кичи шаарчасындагы 375 орундуу жаңы мектеп;
- Г. Мамбеталиев көчөсүндөгү 650 орундуу жаңы мектеп;
- Чолок-Терек айылындагы 275 орундуу жаңы мектеп;
- Спутник кичи шаарчасындагы мектепке 650 орундуу кошумча корпус;
- №5 Б. Осмонов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус;
- №21 Ж. Болотов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус.
Долбоорго ылайык, мектептерде аба алмаштыруу жана өрт өчүрүү системалары орнотулат. Энергияны үнөмдөө максатында имараттарды күн панелдери аркылуу электр энергиясы менен камсыздоо каралган. Курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзөт.
Белгилей кетсек, 2026-жылы бюджеттин эсебинен Бишкекте – 20, Ошто – 10 жана Манас шаарында – 6 мектеп, жалпысынан 36 билим берүү объектисин куруу пландалган. Бул чаралар аталган шаарлардагы окуучулардын саны мектептердин долбоордук кубаттуулугунан ашып кеткендигине байланыштуу ишке ашырылууда.