Маркировкасы жок болгондуктан Казакстандан келген 22 тонна картошка Кыргызстанга киргизилген жок

08.04.2026 | 10:17

Кыргыз-казак чек арасында айыл чарба продукциясынын ири партиясын мыйзам бузуулар менен алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Окуя 2026-жылдын 7-апрелинде «Ак-Тилек» фитосанитардык көзөмөл постунда катталган. Казакстандан импорттолгон 22 тонна картошканы текшерүүнүн жүрүшүндө инспекторлор товардын таңгактарында милдеттүү маркировка такыр жок экенин аныкташкан.

Ведомстводон эске салышкандай, Евразия экономикалык комиссиясынын талаптарына ылайык, мындай продукциянын ар бир таңгагында төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек:

  • товардын аталышы;
  • чыккан өлкөсү;
  • экспорттоочу жана (же) реэкспорттоочу өлкө.

Бул маалыматтарсыз жүктү алып кирүү аракети Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү фитосанитардык эрежелерин тикелей бузуу болуп саналгандыктан, тармактык департамент товарды республиканын аймагына киргизүүгө тыюу салды. Картошканын бардык партиясы Казакстанга кайтарылып берилди.

Scroll to Top