Маркировкасы жок болгондуктан Казакстандан келген 25 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жок

30.03.2026 | 10:05

2026-жылдын 29-мартында «Ак-Тилек» фитосанитардык көзөмөл постунда Казакстандан келген ири өлчөмдөгү айыл чарба продукциясын алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Адистер 25 тонна пиязды текшерүү учурунда мыйзам бузууларды аныкташкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө КР Айыл чарба министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин инспекторлору товардын таңгактарында милдеттүү маркировка такыр жок экенин аныкташты.

Евразия экономикалык комиссиясынын эрежелерине ылайык (№157 чечим), карантинге алынуучу продукциянын ар бир таңгагында төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:

  • товардын аталышы;
  • чыккан өлкөсү;
  • экспорттоочу же реэкспорттоочу өлкө.

Бул маалыматтарсыз продукцияны алып кирүү ЕАЭБдин бирдиктүү фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналгандыктан, ведомство жүктү республиканын аймагына киргизбөө чечимин кабыл алды. Пияздын бардык көлөмү экспорттоочу өлкөгө кайтарылды.

Scroll to Top