Мас айдоочуларды күбөлүктөн ажыратуунун ордуна 100 миң сом айып салуу сунушталды

Мас айдоочуларды күбөлүктөн ажыратуунун ордуна 100 миң сом айып салуу сунушталды

Кыргызстанда ичимдик ичип, баңгизат чегип унаа айдаган жарандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга чыгарылды. Аны депутат Эрнис Айдаралиев демилгелеген.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, учурда айдоочулардын мас абалда унаа башкарганы олуттуу көйгөй бойдон калууда. Мас айдоочулардын айынан жүздөгөн адам жаракат алып, каза болууда.

Жол милициясынын маалыматы боюнча, 2023-жылы 7 миң 810 жаран мас абалда унаа айдаганы үчүн бир жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыртылган. Алардын ичинен 1 мн 577си айдоочулук укуктан ажыратылганына карабай кайра эле унаага отуруп, жол эреже бузгандары аныкталган. Мыдан улам депутат мас абалда унаа башкаруу үчүн жарандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу өз натыйжасын бербейт жатат деген пикирде.

Депутат мас айдоочуларды күбөлүктөн ажыратуунун ордуна айыпка жыгуу натыйжалуураак болот деп эсептейт. Социалдык изилдөөлөр көрсөткөндөй, чоң айыппулдар укук бузуулардын санын азайтат, себеби адамдар өзүнүн иш-аракетинде этият, аң-сезимдүү болуп калат.

Ал мас абалда унаа айдаган жарандарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айыппул салууну сунуштоодо.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>