Массалык башаламандыкка чакырык. Сот кармалган саясатчыларга бөгөт чарасын тандады

23.11.2025 | 22:06

Биринчи Май райондук соту кечээ кармалган саясатчыларга бөгөт чарасын тандады. Аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыкка чакырык» беренеси боюнча айып тагылууда.

Ошентип, бүгүн, 23-ноябрда, Биринчи Май райондук соту Темирлан Султанбековду, Кадыр Атамбаевди, Эрмек Эрматовду, Урмат Аскарбековду, Шайлообек Атазовду жана Кубанычбек Кадырбековду 17-декабрга чейин №1 тергөө камак жайына камакка алуу бөгөт чарасы катары дайындады.

Эске салсак, Буга чейин Темирлан Султанбеков массалык баш аламандыкка чакырган деп шектелип кармалган.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Андан кийин Тергөө кызматына мурдагы Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров жеткирилгени, ал эми Атазовдун кармалганы белгилүү болду.
Мындан тышкары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, Темирлан Султанбековдун ата-энеси жана сиңдиси суракка чакырылганы айтылган.
Андан кийин «Апрель» телеканалынын мурдагы жетекчиси, журналист Дмитрий Ложниковдун үйүндө тинтүү жүрүп, өзү ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилгени маалымдалды.
Бардыгы массалык баш аламандыкка чакыруу беренеси боюнча сурак беришүүдө.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, Кармалган саясатчылар шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууну пландаган. Үйлөрүндө тинтүү жүргүзгөндө, курал, баңгизат, жана $150 миң табылган.

Scroll to Top