Матильда Богнер: өлүм жазасы оор кылмыштар менен күрөшүүгө жардам бербейт

Кыргызстан оор кылмыштар үчүн эң жогорку жаза чарасы катары өлүм жазасын кайра киргизбеши керек. Бул тууралуу «Мыйзам долбоорлорун талкуулоо» темасында өткөн тегерек стол жыйынында БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын аймактык өкүлү Матильда Богнер билдирди.
Анын айтымында, өлүм жазасы оор кылмыштардын деңгээлин төмөндөтөрүн же аларды алдын аларын далилдеген эч нерсе жок. Башкача айтканда, эң жогорку жаза чарасы мамлекетке кылмыштуулук менен күрөшүүдө жардам бербейт. Ошондой эле Богнер БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк Кыргызстанды өлүм жазасын кайра киргизбөөгө чакырганын эске салды.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын 29-сентябрында 17 жаштагы Айсулуу Мукашева зордукталып, өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 41 жаштагы жаран А.А.К. кармалган.
Бул кылмыш коомчулукта чоң резонанс жараткан. Президент Садыр Жапаров жашы жете электерди жана аялдарды зордуктап, өлтүргөндөр үчүн өлүм жазасын киргизүүнү караган чараны иштеп чыгуу тапшырмасын бергенин билдирген.
Андан кийин балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган.
Кыргызстанда өлүм жазасы 2007-жылы расмий түрдө жоюлган (акыркы өлүм жазасы 1998-жылы аткарылган), ал эми 2010-жылдын декабрында өлкө өлүм жазасын жоюуга багытталган Адам укуктары жана жарандык саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколуна кошулган.