Матраимов кудасынын тууганынын башына тапанча такап коркуткан

Матраимов кудасынын тууганынын башына тапанча такап коркуткан

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов ишкер кудасы Хабибулла Абдыкадырдын тууганынын башына тапанча такап, коркуткан. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтомунда айтылат.

Соттун токтомунда эмнелер айтылган?

Бажыдан 700 млн доллардын чыгарылышы, Түркияда киши колдуу болгон Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча журналисттик иликтөөлөрдө Матраимовдун аты аталып, белгилүү ишкер Хабибулла Абдыкадыр менен байланышы тууралуу сөз болгон. Бул материалдардын негизинде 2020-жылы ага коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, Матраимов мамлекетке 2 млрд сом төккөн. Андан кийин анын коррупциялык схемаларына бөгөт коюлган.

Матраимов 2017-жылы кызматтан алынганына карабай унчукпаган бийликтин «макулдугу» менен бажы тармагын 2020-жылдын октябрь айына чейин көзөмөлдөп келген.

2022-жылы күзүндө ал бажы тармагындагы коррупциялык схемаларын кайра түзүүнү көздөп, план түзө баштаган. Ошондо ири логистикалык компаниясы бар, Кытайдан Борбор Азияга товар ташыган Өзбекстандагы ишкер кудасы Х.А.ны (Хабибулла Абдыкадырды – ред.) эстеген. Ал Абдыкадырга Кыргызстандагы тууганы Таир (аты өзгөртүлдү, чын аты Т.Р.) аркылуу таасир этүүнү чечкен. Аны коркутуу үчүн досу, кримтөбөл Камчы Көлбаевге кайрылган.

2022-жылы ноябрда Матраимов Таирге чалып, бажы тармагындагы процедуларды кайра көзөмөлдөй баштаганын айтып, бул тууралуу Хабибулла Абдыкадырга кабарласын деген. Бир нече убакыттан кийин ал Таирге кайра чалып, жолугууга келүүсүн талап кылган. Таир баш тарткан. Ошондо Матраимов өкүл баласы Азаматка (аты өзгөртүлдү, чын аты А.А.) Таирди кантип болсо да Орто-Сай айылындагы «Браво» VIP шаарчасындагы үйүнө алып келүүнү тапшырган. Ага байланыштуу Азамат Таирди «Карвен» турак жай комплексиндеги үйгө чакырган. Таир жолугушууга келгенде, Азамат телефон аркылуу бирөө менен сүйлөшүп, телефонду Таирге берген. Телефондун наркы учурунда Камчы Көлбаев болгон. Ал Таир өзү келбесе, аны балдары унаанын артына салып, күчтөп алып келе турганын айткан. Азамат Таирдин коркуп турганын көрүп, Матраимовдун үйүнө чогуу барууну сунуштаган.

Алар айтылган жерге келгенден кийин Азамат Таирди мончого алып барган. Ал жакта жаксакчылары менен Райымбек Матраимов, Камчы Көлбаев, Замирбек Карашев (2019-2021-жылдары бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон, Матраимовдун жакын досу) отурган. Матраимов мас болгон.

Матраимов Таирдин башына тапанча такап, коркутууга өткөн. Ал жакта турган адамдар Матраимовдун колунан тапанчаны алып койгон. Абал курчуп кетпеши үчүн Көлбаев тапанчаны өзүнүн жанчакчыларынын бирине берген. Кырдаалды тынчытыш үчүн жаксакчы асманга бир нече жолу ок аткан.

Бул аракеттери менен Матраимов Таир аркылуу Хабибулла Абдыкадырга бажы тармагындагы маселелерди ал чечерин, криминал менен байланышы бар экенин көрсөтөйүн деген.

Матраимов Хабибулла Абдыкадырдын ишкерчилигинин айынан мамлекетке 2 млрд сом төлөөгө аргасыз болгонун, эми алар аталган акчаны ал аркылуу бажы процедураларын өткөрүп, кайтарышы керектигин айткан.

Кийин Матраимов аталган иш-аракеттери үчүн кылмыш жообунан качуу үчүн Сузакка барып, Өзбекстан тарапка чек арадан мыйзамсыз өткөн. Ал жактагы аэропорттон учак менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткен. Ал Бишкектен учуп кете албай турганын билгендиктен, чек арадан мыйзамсыз өтүүнү чечкен. Себеби ага чейин ал Бишкектен Стамбулга учайын деп «Манас» аэропортуна барганда, УКМКнын тапшырмасы боюнча ага чет жакка чыгууга бөгөт коюлганын билген.

Өкүм

Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (бейбаштык) жана 378-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен макулдашуу түзгөндүктөн ага 100 миң сом айыппул салынган.

Райымбек Матраимовго өкүм чыкты. Ал камактагы жазадан бошотулду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>