Баатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керекКара-Суу базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Милиция териштирүү баштадыБишкекте Политехникалык колледж көчүрүлбөйт — Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жообуКасымалиев өнүктүрүү фонддору каржылаган долбоорлор тууралуу айтып берди
Дүйнө чемпионаты 2030 жана 2034-жылы кайсы өлкөлөрдө өтө турганы белгилүү болду
12.12.2024 | 11:30
Футбол боюча дүйнө чемпионаты 2030 жана 2034-жылы кайсы мамлекеттерде өтө турганы белгилүү болду.
ФИФАнын конгресинин чечими боюнча, 2030-жылдагы биринчилик Испания, Португалия, Марокко, Уругвай, Аргентина жана Парагвайда өтөт. Мелдештин биринчи беттеши Уругвайдын борбору Монтевидеодо өтүп, ал Уругвайда болгон алгачкы дүйнө чемпионатынын 100 жылдыгана арналат. Биринчиликтин негизги бөлүгү Португалия, Марокко жана Испанияда өтөт. Аргенитина менен Парагвайда бирден оюн болот.
2034-жылдагы биринчилик Сауд Арабиясында кышында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт