Майлуу-Суу айнек заводу жаңыртылып, жаңы жабдуулар менен ишке берилди

03.09.2025 | 11:11

Жалал Абад облусундагы «Майлуу-Суу» айнек заводу толук жаңыртылып, жаңы жабдуулар менен ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, заводдун жаңыртылышына бюджеттен 1 млрд сом каражат бөлүнгөн. Ага жаңы имарат курулуп, мурдагысы оңдолуп-түзөлгөн.

Ошондой эле 280 тонна кубаттуулуктагы заманбап айнек эритүү меши жана Германиядан алынып келген HEYE маркасындагы формалоочу машина орнотулган. Бул жабдуунун жардамы менен күнүнө 150–200 миң даана продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

“Завод тар жана кең ооз банкаларды, ошондой эле жеңилдетилген бөтөлкөлөрдү чыгара баштады. Жаңы технологиялар өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп, жергиликтүү экономикага салым кошуу менен катар экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейтүүгө өбөлгө түзөт”,- деп билдирди министрлик.

Scroll to Top