Бажы кызматы чек арада кыргыз тигүү продукциясынын экспортуна бөгөттү алуу үчүн Орусияга алгоритм сунуштады

16.01.2026 | 16:00

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы чек арада жеңил өнөр жай жүктөрүнүн кармалып жатканына байланыштуу кризисти жөнгө салуу боюнча орусиялык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, кыргыз тарап бир катар ыкчам чараларды көрдү. Онлайн форматта жумушчу жолугушуулар өткөрүлүп, туруктуу байланыш офицери дайындалды жана түздөн-түз чек ара аймактарында иштеген мобилдик топ түзүлдү.

БАжы кызматы тарабынан документтердин дал келбестигинен улам жүктөр кармалып калган учурларды ыкчам чечүүгө багытталган атайын иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу негизги кадам болду. Учурда алгоритмдин долбоору орусиялык тарапка макулдашуу үчүн жөнөтүлдү, расмий жооп күтүлүүдө. Ошондой эле мекеме РФке кыргызстандык ишкерлердин жана ташуучулардын токтотулуп жана текшерүүгө алынышынын себептеринин так тизмесин берүү өтүнүчүн жөнөттү. Ошол эле учурда Алмаз Салиев айрым учурларда жүктөрдүн кармалышына экспорттоочулар тарабынан документтердин толук эмес пакетинин берилиши себеп болуп жатканын моюнга алды.

Эске салсак, ата мекендик тигүүчүлөрдүн системалуу көйгөйлөрү 2025-жылдын күзүндө орус-казак чек ара тилкесинде башталган. Кырдаал Орусиядагы бажылык администрациялоо эрежелерин өзгөртүү менен шартталган, орусиялык органдар КНСти (кошумча нарк салыгын) мурдагыдай кампага келгенде эмес, чек арадан өтүп жатканда дароо төлөөнү талап кыла башташкан. Бул маркетплейстерде жеке жак же жеке ишкер катары соода кылган кыргызстандык ишкерлер үчүн укуктук коллизияга алып келди. Алар товарды алуучу орусиялык юридикалык жакты каттатпай туруп, алып келүү КНСин төлөй алышпайт. Натыйжада чек арада миңдеген тонна продукция бөгөттөлүп, бул цехтердин массалык токтоп калышына жана сезондук коллекцияларды жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашына себеп болду.

Scroll to Top