«MedExpo Kyrgyzstan 2026»: Бишкекте 10дой өлкөнүн компаниялары катышкан медициналык көргөзмө ачылды

31.03.2026 | 14:27

Бүгүн, 31-мартта, Бишкек шаарында саламаттык сактоо тармагындагы «MedExpo Kyrgyzstan 2026» 20-юбилейлик эл аралык көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Кыргызстандык саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты.

Көргөзмө 2-апрелге чейин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТжСА) манежинде өтөт. Ага дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн: Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Беларусь, Өзбекстан, Түштүк Корея, Пакистан, Польша жана Латвиядан 90дон ашык компания катышууда.

Министр Дамир Осмонов ачылышта сүйлөп, саламаттык сактоону өнүктүрүү технологияларды киргизүү, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен байланыштуу экенин билдирген. Анын айтымында, бул аянтча тажрыйба алмашууга жана алдыңкы чечимдерди практикага киргизүүгө шарт түзөт.

Көргөзмөдө төмөнкү продукциялар сунушталууда:

  • медициналык жабдуулар жана лабораториялык диагностика;
  • фармацевтикалык продукциялар жана медициналык буюмдар;
  • реабилитация жана физиотерапия үчүн чечимдер;
  • саламаттык сактоодогу санариптик жана IT-технологиялар.

Иш-чаранын алкагында эл аралык эксперттердин катышуусунда медициналык уюмдарды башкаруу жана санариптештирүү маселелери боюнча ишкердик программа өткөрүлүүдө. Көргөзмө саламаттык сактоо системасын модернизациялоону колдоого жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Scroll to Top