Мандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмашты
Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону болду
24.06.2022 | 23:45
Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медал тагынды.
Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта күрөштү. Беттеш айлампа тартибинде өткөрүп, бардык атаандаштарын тең ири эсеп менен утту.
Алгач индиялык Аржу Аржуну 11:1, экинчи айлампада өзбекстандык Азода Эсбергенованы 10:0, андан соң казакстандык Альбина Кайргелдинованы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медал тагынды.
Буга чейин 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы төрт атаандашын утуп, 23 жашка чейинкилер арасында мөөнөтүнөн мурда Азия чемпиону аталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт