Кореяда кыргыз соода үйү ачылды

Кореяда кыргыз соода үйү ачылды

Соода үйү Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин демилгеси менен мекендешибиз, NAG Group компаниясынын президенти Надырбекова Гүлшайырдын жардамы менен түзүлүп, кыргыз продукциясын Корея рыногуна жайылтуу үчүн ачылды. Бул тууралуу эчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, элчи Аида Исмаилова өз сөзүндө Кыргызстандын продукциялары Кореянын ири соода борборлорунда сатылат деген ишенимин билдирди. Өз кезегинде, KOIMA президенти Бён Кван Ким кореялык ишкерлер кыргыз продукциясынын сапатын жогору баалаарын белгилеп, кореялык рынокко органикалык продукцияны жеткирүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Соода үйүндө 23-июндан 25-июнга чейин «Import Goods Fair 2022» Эл аралык көргөзмөсүнө катышкан компаниялардын кийизден жасалган буюмдары, табигый бал, варенье жана башка продукциялары менен Кыргызстандын органикалык продукциялары коюлган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>